Кыргыз футзалчы кыздары Тажикстанга укмуштуудай гол киргизишти (видео)
Футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Душанбе шаарында өтүп жаткан CAFA Women's Futsal Championship 2025 турниринин алкагында Тажикстан менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кыргыз курамасынан укмуштуудай голдорду Кенжебүбү Ырысбек кызы, Айжан Боронбекова жана Назик Күмүшбек кызы киргизишти. Бул оюнда дарбазачы Акылай Садыкова дагы бир нече кооз сейв жасады.
Муну менен Кыргыз курамасы тайпада 4 упайы менен биринчи орунга чыкты.
Кыргыз футзалчы кыздары Тажикстанга укмуштуудай гол киргизишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.