super.kg logo

Кокон гиласты өстүрүүдө эмнелерге көңүл буруу керек? Айыл чарба адистеринин кеңеши

 

SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында кокон гиласты өстүрүү, андан мол түшүм алуу ыкмалары тууралуу сөз кылабыз.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, кокон гилас бат өскөн жана күндүн нурун көп талап кылган мөмө болуп саналат. Ал көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт.

Кокон гиластин курамында адамга пайдалуу болгон: белок, көмүртек, аскорбин кычкылы (кислотасы), тиамин, кальций, темир, магний, фосфор, калий, йод, натрий жана башка заттар бар. Ошондой эле фруктоза, глюкоза, С, А, В1, В2, Е, РР витаминдерин камтыйт.

Аны өстүрүүдө өзгөчө көңүл буруу кажет. Алсак, жыл сайын анын ашык бутактарын кыскартып, бакка форма берип бутап туруу керек.

Ал түшүм бере элегинде бир жылдык чырпыктарын жылына 1/5 сантиметр узундукта кыскартып тууруу абзел. Кокон гилас түшүм берүү маалына киргенден баштап, кыскартуучу бутоолор токтотулат. Туура эмес өскөн бактын башын карай өскөн бутактарын гана кыркылып, эгер эки бутактын ортосундагы бурч 50° жетпесе, чырпыктын жарымын кыйып салып, илдетке чалдыккан же куураган бутактарды да жок кылуу керек.

Министрлик дыйкандар түшүмдү жогорулатуу максатында колдонгон ыкманы айтат. Ага ылайык, тик өскөн бутактарды сөңгөктөн 90° жайгашкандай кылып, баштарын ийип коюшат. Бул үчүн жаш бактардын бутактарына оор нерселерди илип коюшат же алардын учтарынан жерге кагылган казыктарга байлап коюшат.






"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: