super.kg logo

Бангладеште бийликтин тарапташтары тарыхый имаратты талкалап салышты

 

Бангладеште мурдагы премьер-министр шейх Хасина Важид бозгунда жүргөндө тарапташтарын Убактылуу өкмөткө каршы митингге чыгууга чакыргандан кийин жаңы нааразылык толкуну башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ага жооп кылган Хасинанын каршылаштары көчөгө чыгып, демонстрацияларды уюштуруп, Бангладештин эгемендүүлүгү менен байланышкан тарыхый имарат болгон анын Кхулнадагы үйүн бульдозер менен талкалашкан.

Полиция демонстраттарга каршы өлкөдө "Шайтанга аңчылык" деп аталган операция жүргүзүлүп, 1308 адам кармалганын маалымдады. Алардын көбү борбор калаа Даккада. Газипур шаарында 83 киши, анын ичинде Хасина жетектеген "Авами лигасы" партиясынын тарапкерлери камакка алынган.

Бангладеште студенттик толкундоолор былтыр июлда башталган. Демонстранттар 1971-жылы Пакистан менен болгон согуштун ардагерлеринин жакындарына мамлекеттик кызматтардын үчтөн бир бөлүгү (30 пайызы) бөлүнгөн квота системасына каршы чыгышкан. Митингчилер квота системасын дискриминация деп аташкан. Алар бул Авами лигасы кыймылын жетектеген премьер-министр шейх Хасинанын жактоочуларына артыкчылык берет деп эсептешет.

Нааразылык акциясы Жогорку сот квоталардын ставкасын төмөндөткөндөн кийин токтоду. Демонстрациялар коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларга алып келди, жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар камакка алынган. Нааразылык акцияларынан кийин премьер-министр Хасина отставкага кетип, Улуу Британиядан башпаанек сурап, өлкөдөн чыгып кеткен.

2024-жылдын 8-августунда Убактылуу өкмөттүн башчысы болуп Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус келген. Бир жумадан кийин, 15-августта бийлик Хасина баш болгон 10 жогорку даражалуу аткаминерге каршы тергөө иштерин баштаган. Хасина геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталып, ага камакка алуу ордери чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: