super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

 

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети кайра иштелип чыккан "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Жарандык коом, журналисттердин катышуусунда кайра иштелип чыккан документте маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору жазылган. Ошондой эле жаңы редакцияда ЖМКларды Санариптик өнүктүрүү министрлигин кошпостон, бир гана Юстиция министрлигинен гана каттоодон өткөрүү сунушталган. Ыктыярдуу түрдө катоодон өткөн маалымат каражатынын өкүлдөрүнүн суроолоруна мамлекеттик органдар үч күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттенет. Эгерде мекеме маалыматты тактоо зарылдыгы болсо, анда 14 календардык күн ичинде жооп бериши керектиги айтылган.

Мындан тышкары мыйзамда ЖМКлар расмий булактан алынган же коомдук жайда айтылган маалыматты чагылдырса жоопкерчиликке тартылбай турганы белгиленген. Ал эми ЖМКлардын ишмердүүлүгү уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулат. Документте бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган, кастыкка же зордук-зомбулукка үндөгөн, расалык жана диний касташууну күчөткөн, террористик ишти жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган же терроризмди ачык актаган материалдарды бир жылда эки жолудан ашык жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса гана медиа жабылары жазылган.

Буга чейин аталган мыйзам парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 4-февралдагы жыйынына киргизилип, депутаттар долбоорду кароону кийинки жумага жылдырышкан.

Эске салсак, былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети сунуштаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтарып алган. Аталган мыйзам ошол учурда коомчулукта талкуу жаратып, ЖМК өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан сындар айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: