super.kg logo

ХАМАС Трампка жооп кайтарды

 

Палестиналык ХАМАС кыймылы АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесин алуу жана көзөмөлдөө жөнүндөгү билдирүүсүн айыптады. Бул тууралуу кыймылдын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ар-Ришк билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Биз Трамптын Газаны сатып алуу жөнүндөгү абсурд сөздөрүн кескин айыптайбыз. Бул сөздөр Палестинага жана бүтүндөй аймакка карата терең сабатсыздыкты чагылдырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ар-Ришк блокададагы сектордун сатыла тургандай кыймылсыз мүлк эмес экенин баса белгилеп, Газанын Палестинанын ажырагыс бөлүгү экенин эске салды.

Кыймыл Палестина эли мажбурлап көчүрүү аракеттерине бөгөт коёт деп ишенгендигин билдирди.

"Газа өз элине таандык жана палестиндер өз жерин таштабайт. Алар 1948-жылы басып алынган шаарларга жана кыштактарга кайтып келүүдөн башка эч кандай көчүрүүгө макул болушпайт", - деди ХАМАС.

Буга чейин Дональд Трамп АКШ Газа тилкесин сатып алууга даяр экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: