super.kg logo
  Саясат  

Президент жаңы түзүлгөн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасын дайындады 

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы тиешелүү тескемеге кечээ, 10-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ Кожошевди Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы кызматынан бошоткон. Ал аталган кызматка 2024-жылдын 18-декабрында дайындалган.

Кожошев Чынгыз Эргешбаевич 1985-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. ОшМУнун юриспруденция адистигин аяктаган. ЖАКтын төрагалыгына дайындалганга чейин Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында кызмат өтөп, 2023-жылдан тарта Ош шаарындагы ЖАКтын 25 (СИЗО-5) мекемесин жетектеген.

Эске салсак, президент Жапаров 4-февралда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматын жоюп, анын ордуна Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: