Милициянын капитаны пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.Н. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Учурда атайын кызмат менен ИИМ тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.