super.kg logo

АКШда мыйзамсыз курал-жарак саткан Кыргызстандын жараны кармалды 

 

АКШда Кыргызстандын жараны, ишкер Сергей Жарновников кармалды. Бул тууралуу маалымат Американын Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталган жаранга АКШдан Кыргызстан аркылуу Орусияга ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып чыккан деген айып тагылды.

Ал 2025-жылдын 24-январында Лас-Вегас шаарында ок атуу, аңчылык жана ачык соода көргөзмөсүнө катышып жаткан учурда кармалган. Сергей Жарновников ал жерде америкалык курал-жарак жеткирүүчүлөр менен жолугууну пландап жатканы айтылды.

Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан бери Сергей Жарновников АКШнын Соода министрлигинин чектөөлөрүн бузуп, Орусияга америкалык куралдарды жеткирүү схемасын уюштуруп келген.

Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер анын күнөөсү далилденсе, ал 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: