super.kg logo

Кардиохирургиядагы өрт: Каза болгон эки байтаптын жаш курагы айтылды

 
Саламаттык сактоо министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунан өрттөн улам эвакуацияланган бейтаптардын абалы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, окуя болгон учурда аталган жайда жалпы 104 адам (50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер) болгон.
Ал жактан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды. Анын ичинен:
  • 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү;
  • 2 бейтап Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулду;
  • Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап (8 чоң адам жана 7 бала) жайгаштырылды;
  • Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Тилекке каршы, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай, 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Айта кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан эки адам каза болгону айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: