super.kg logo

Чүйдө социалдык тармактын колдонуучусу кармалды (видео)

 

Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери социалдык тармактарда Берик Держинский деген аталыштагы аккаунт өлкө жетекчилигине карата терс маанидеги материалдарды жарыялап турганын аныкташкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө аталган аккаунт мурда бир нече жолу соттолгон 49 жаштагы жаранга таандык экендиги белгилүү болгон.

Ал эми дайындалган соттук-лингвистикалык экспертиза аккаунтта массалык башаламандыкка чакырган посттор жарыялангандыгын аныктаган. Шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, "Элдик кеңеш кыймылы" уюмунун күбөлүгү жана далил буюмдар табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






12.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: