super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тыналиев Ысык-Көлдө жаштарга жер берүү маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигит Тыналиев Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында жерлерди трансформациялоо аркылуу жаштарга берүү маселесин көтөрдү.

"Чоң-Өрүктү айылында дыйкан чарба ижарага алып иштетип жүргөн 11 гектар жер бар экен. 2018-жылы ал жердин ижара келишиминин мөөнөтү бүтүп, айыл өкмөт өзүнүн балансына кайтарып алыптыр. Айылдын тургундары аталган жерди трансформациялоо аркылуу жаштарга берүүнү суранып жатышат. Алардын маселесин чечип берсек жакшы болот эле", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары ал аталган айылда бала бакча жоктугунан тургундар балдарын коңшу айылдардагы бала бакчаларга алып барууга аргасыз болуп жатканын айтты.

"Бала бакча такыр эле жок. Коңшу айылдардагы бала бакчаларга барышат экен. 200 бала кезекте турат. Ошондой эле жаштарга спорт зал куруу маселеси да күн тартибинде турат", - деди Тыналиев.






Жогорку Кеңеш 12.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: