super.kg logo

Өлкөдө аэропорт кызматкерлери үчүн жаңы талап киргизилди

 
"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов өлкөдөгү бардык аэропорттордун кызматкерлери үчүн жаңы талап киргизилип жатканын билдирди.
Ал кабарлагандай, ушул жылдын февраль айынан баштап кызматкерлер төш камераларды тагына башташат.
"Бул чара өлкөнүн аэропортторундагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатууга жана кызматкерлердин ишин көзөмөөлдөгө багытталган. Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу кырдаалдарда объективдүү баа берүүгө жардам берет.
Камералар чыр-чатактарды алдын алууга көмөктөшүп, ошондой эле окуяларды иликтөө үчүн маанилүү инструмент болуп кызмат кылат. Бул технологиянын киргизилиши дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүү менен жүргүнчүлөр жана тейлөөчү персоналдын ортосундагы ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт", - деп жазды Самидинов.
Төш камералар ишке киргизилгенден кийин бардык аэропорттордун кызматкерлери тиешелүү окуудан өтүшөт. Камералар белгилүү бир кырдаалдарда видеону автоматтык түрдө жаздырып турат. Ал эми жазылган маалыматтарга окуяларды иликтөөгө ыйгарым укуктуу адамдар гана кире алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: