super.kg logo

УКМК Нарын облусундагы ири заводдун мүлкүн мамлекетке кайтарды

 
Нарындагы мурдагы Миң-Куш "Оргтехника" заводуна, азыркы "Оргтехника" ААКсынын балансында турган кыймылсыз мүлк жана товардык-материалдык баалуулуктар мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, аянты 4,3 гектар болгон инструменттер цехи, 20га жакын станок, 4,44 гектар болгон заводдун аянты, мурдагы май куюучу жайдын аймагы, 7-цехтин аймагы, банкет залы, гараж жана китепкана кайтарылган. Кыймылсыз мүлктүн жалпы аянты 11 гектарды түзөт.
"Миң-Куш "Оргтехника" заводу 1970-1971-жылдары Нарын облусунун аймагындагы биринчи ири өнөр жай ишканасы катары түзүлгөн. Алар ручка, түстүү фломастерлерди чыгарган. Мамлекеттик "Оргтехника" заводу 1994-жылы Эл аралык өнүктүрүү уюмунун программасына (мамлекеттик ишканалардын секторун реформалоо, түзүмүн өзгөртүү жана менчиктештирүү программасы, банкрот жолу аркылуу төлөөгө жөндөмсүз ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу аркылуу) киргизүү аркылуу 1995-жылы ачык акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. Анын жер тилкелери жана кыймылсыз мүлктөрү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
УКМК "Дружба" балдар лагеринин аймактарын жана "Оргтехника" ААКсынын башка мүлктөрүн кайтарып алуу боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын кошумчалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: