super.kg logo

Арзыбек Кожошев БУУнун ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолукту

 

Женева шаарында 11-14-февраль күндөрү өтө турган БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт комитетинин 87-сессиясынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев БУУнун ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда тараптар транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, өз ара иштешүүнүн келечеги жана негизги багыттары боюнча пикир алмашышты. Алар бул кызматташтык транспорттук каттамдардагы тоскоолдуктарды азайтууга, жогорку деңгээлдеги компетенцияны камсыз кылууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

"Биз эл аралык ташууларды жана транзитти жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын БУУнун келишимдери жана конвенциялары менен шайкеш келтирүүгө умтулабыз", - деди Арзыбек Кожошев.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев БУУнун ЕЭКтин өкүлдөрүнө өткөн жылы Евразия экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдын май айында Минск шаарында өтө турган форумга катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: