super.kg logo

Кара-Сууда 9-класстын окуучусу сабалып каза болду

 
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу токмоктолуп каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Милициянын маалыматына ылайык, 12-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектептин алдында 9-класстын окуучусу жыгылып түшүп, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №39 орто мектептин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада жогоруда белгилеген 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, бала 2007-жылы туулган ошол мектептин окуучусу тарабынан ур-токмокко алынгандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу жаш өспүрүм шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын тактоо, ар тараптуу терең иликтөө боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: