"1 жарым саат ажатканада жаткан". Депутат Кара-Суудагы окуучунун өлүмүнүн чоо-жайын айтты (видео)
Кара-Суу районунда каза болгон окуучу 1 жарым саат ажатканада жатып калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев парламенттин бүгүн, 13-февралдагы жыйынында айтты.
Анда депутат мугалимдер жана мектеп директору бул ишти жашырып жатышканын билдирди.
"Каратай айылындагы мектепте 9-класстын окуучусунун өмүрү кыйылды. Бул окуя кандай болду? Турдубаев Адилетти жогорку класстын төрт окуучусу ажатканада ички органына катуу уруп койгон. Дем жетпей калып, ал үзүлгөн. Бала бир жарым сааттан ашык ажатканада жаткан. Бул жерде мугалимдер жана директорлор муну жашырып жатышат", - деди депутат.
Ошондой эле ал азыркы муун мыкаачы болуп бара жатканын айтып, иштебеген мектеп директорлорун жумуштан алууну талап кылды.
Депутат Кара-Суудагы окуучунун өлүмүнүн чоо-жайын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.