MegaPay: Ыӊгайлуу аксессуарлар менен NFC төлөмдөр жана акысыз NFC-стикерлер!

MegaPay мобилдик колдонмосу заманбап NFC-аксессуарларды пайдалануу менен тез жана ыӊгайлуу төлөмдөр үчүн жаӊычыл чечимдерди сунуштайт. Эми сиз сатып алууларга саркеч билериктердин жана шакектердин жардамы менен, ошондой эле стикерлер аркылуу – өзүӊүздүн аксессуарды жөн гана төлөм терминалына жакындатуу менен төлөй аласыз.
MegaPay атайын акциянын алкагында NFC-стикерлерди АКЫСЫЗ таратып жатканын эске салабыз. Бул, смартфонунда NFC-модулу орнотулбаган колдонуучулар үчүн контактсыз төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланууга сонун мүмкүнчүлүк.
NFC-стикердин ээси болуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу зарыл:
- MEGAнын Сатуу жана тейлөө борборлорунда толук банктык идентификациялоодон өтүү;
 - MegaPay мобилдик колдонмосунда MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасын ачуу;
 - MEGAнын Сатуу борборлорунун биринен акысыз NFC-стикерди алуу.
 
Акция MegaPay’дин колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү, жана аларда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- «Айыл Банк» ААКтан MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасы;
- iOS же Android операциялык системасы менен, бирок NFC-модулу орнотулбаган смартфон.
Маанилүү! Акциянын бүткүл мезгилинде бир ИСНге бир гана акысыз NFC-стикерди алууга болот. NFC-стикерди кайталап алуу – акысыз берилбейт.
NFC-стикерди кайдан алса болот?
Өзүӊүздүн NFC-стикериӊизди төмөндөгү даректер боюнча MEGА’нын Сатуу жана тейлөө борборлорунда ала аласыз:
- Чүй пр. 155 «ЦУМ-Айчүрөк», В17 бутиги;
 - Юнусалиев көч. 177/2, «Бета Сторес - 2» соода борбору;
 - Ч.Айтматов пр. 3, «Азия Молл» соода борбору, 0-кабат;
 - Сүйүмбаев көч. 123, MEGAнын башкы кеңсеси;
 - Киев көч. 148, «Бишкек Парк» СБ, 0-кабат;
 - Горький көч. 27/1, «Vefa Center», 1-кабат. №20 бутик;
 - Ибраимов көч. 115, «Дордой Плаза» СБ;
 - Юнусалиев көч. 185/1;
 - Ош шаары, Масалиев пр. 2 (Каныкейдин эстелиги тарапта);
 - Ош шаары, Курманжан Датка көч. 256.
 
Төлөмдөрдү дагы ыӊгайлуу кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаӊыз, акысыз NFC-стикерди бүгүн алып калууга жетишиӊиз!
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














