Кыргызстандын эң кымбат футболчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзөт

Кыргызстандын эң кымбат футболчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда германиялык абройлуу transfermarkt.de сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, бишкектик “Дордой” футболдук клубунун жана Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзүп, ал кыргызстандык футболчулардын алдынкы сабында турат.
Орусиялык “Химик” клубунда ойногон кыргызстандык футболчу Валерий Кичин 200 миң долларга бааланды.
Ал эми “Дордойдун” оюнчуларынан Вадим Харченко 175 миң долларга бааланса, Мирлан Мурзаев, Мака Кум жана Руслан Сыдыковдун трансфердик баалары 50 миң долларды түзөт.
Кошумчалай кетсек, transfermarkt.de трансфердик рынокко ичтен аралашып, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин футболчуларынын баасын аныктайт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Ermek_sher

09.01.2014. 03:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонунго:-) !!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.