super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Анда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчыга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин күзгү (2024-жыл) сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу жана Кыргызстандын төрагалыгы учурунда ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы тааныштырылды. Бул контекстте президент өлкөнүн 2025-жылга төрагалык кылуу учурунда белгиленген артыкчылыктары жамааттык коопсуздук тутумун анын бардык базалык элементтеринде – саясий ишмердүүлүктү координациялоодо, аскердик кызматташууда, трансулуттук чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда өркүндөтүүгө оң таасирин тийгизерине ишенимин билдирди.

"Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине уюмдун алкагындагы активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган демилгелер жамааттык коопсуздукту чыңдоого жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар ЖККУнун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыктарын билдиришип, аймактагы туруктуулукту камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: