super.kg logo

Журналист Нарын Айып 72 жашында көз жумду

 

Бүгүн, 13-февралда журналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салды. Бул туурасында кесиптештери тастыктады.

Маалымдалгандай, журналист түшкө маал өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калган. Маркум акыркы учурларда 7-каналда продюсерлик кызматты аркалап келе жаткан.

Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.

1980-жылы Ташкент жана 1981-жылы Минск шаарларында СССРдин Спорт жана дене тарбия комитети тарабынан уюштурулган мамлекеттик аттестациядан өтүп, каратэ боюнча машыктыруучу деген наам алган. Бишкек менен Москвада илимий иштер менен кошо спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген.

1990-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып өз каражатына Москвада «Мүрөк» аттуу көз карандысыз эки тилдүү (кыргызча-орусча) гезит чыгарып, ага эки жыл баш редакторлук кылган. 1993-жылдын ноябрынан тартып, Нарын Айып Мюнхенде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылы (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) ал кызматтын директорунун орун басары болгон.

2000-2002 жылдары «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын баш редактору болуп эмгектенген.

2003-2007-жылдары Прагада Нарын Айып Кыргызстандагы окуяларды камтыган «Kyrgyz Weekly» аттуу көз карандысыз жумалык электрондук бюллетенди орус жана англис тилдеринде чыгарып келген. 2007-жылдын ноябрында радиодон кетип, 2008-жылдын апрелине чейин Прага шаарында орусча чыкчу «ApбатNews» гезитине баш редакторлук кылган.

2008-2010-жылдарда Бишкекте Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору болуп иштеген, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы «Вечерний Бишкек» гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп эмгектенген. 2016-жылдын апрелинде «ПроМедиа» фондунун президенти болуп шайланган.

Нарын Айып бир нече илимий макала жазып, бир катар эл аралык илимий конференцияларда доклад жасаган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Нарынбек Айыповичтин журналистикада жасаган эбегейсиз эмгеги кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: