Жүрөк хирургиясындагы өрт: Адылбек Касымалиев жеринде бир нече тапшырма берди





Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өрттөн жабыркаган Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, Саламаттык сактоо министрлиги жана ӨКМ тарабынан маалымат берилди.
Адылбек Касымалиев бир нече тапшырмаларды берди:
- Ведомстволор аралык комиссия бир жуманын ичинде өрттүн себептери жөнүндө корутунду берсин;
- Жабыр тарткандарды толук көлөмдө зарыл болгон дарылоо, реабилитациялоо жана психологиялык колдоо менен камсыз кылсын;
- Институтту калыбына келтирүү жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени ыкчам карасын.
- ӨКМ пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзсүн;
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 7 күндүн ичинде имараттын техникалык абалы жана аны калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берсин.
- 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлгөн;
- 2 бейтап Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулган;
- Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап (8 чоң адам жана 7 бала) жайгаштырылган;
- Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Кырсыктан эки адам каза болгону айтылган.


