"Каналга ташталып..." Ошто жарандарды катуу сабагандардын бири Бишкекте кармалды

Маалымдалгандай, 2024-жылыдын май айында Куршаб айыл аймагынын жашоочулары эки жаранды катуу сабап, чала жан кылып каналга таштап кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, 1977-жылы туулган Т.А., 1996-жылы туулган Н. уулу А., 1986-жылы туулган М.Т. жана О.Б. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.
Ал эми бул окуяга катыштыгы бар, мурда соттолгон, Өзгөн районунун тургуну 1987-жылы туулган О.Н. изин жашырып качып кеткен, ага карата издөө жарыяланган. Ал“Коопсуз шаар” жүз тануу камерасынын жардамы менен Бишкек шаарынан кармалып, бөгөт коюу чарасы сот тарабынан камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.