super.kg logo
  Саясат  

Өлкөгө Түркиянын депутаттары келишти (сүрөт)

 

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын "Түркия-Кыргызстан" парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Алишер Козуев, Улукбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жалолидин Нурбаев, Мурадил Сыдыков, Винера Раимбачаева, Азамат Исираилов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары түркиялык кесиптештери менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Алишер Козуев кыргыз-түрк кызматташтыгын арттыруу үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү керектигин айтып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле ал соода-экономикалык алакаларды арттыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү макулдашууларды жигердүү ишке ашыруу маселелерин сөз кылды.

Өз кезегинде Юсуф Беязыт буга чейинки макулдашууларды жүзөгө ашырып, өнөктөштүктү жогорку деңгээлге чыгаруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Муну менен катар тараптар байланыштарды кеңейтүүгө багытталган бир катар маселелер боюнча ой бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: