super.kg logo
  Саясат  

Амангелдиев Кытайдын элчиси менен президенттин сапарына байланышкан маселелерди сүйлөштү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын тарыхый маанисин белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестицияларды тартуу, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана каржылык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап эң жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, соода жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү боюнча далилдүү сунуштар айтылды.

Өз кезегинде элчи кытай тараптын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын ырастап, пландар ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: