super.kg logo

"Туулган күнүм жолдо өтөт...". Ырчы Өктөм Сапар уулу 43 жашка толду

 

Бүгүн, 14-февралда ырчы Өктөм Сапар уулу 43 жашка толду. Куттуктап байланышка чыкканыбызда ырчы мырза туулган күнүндө жолдо боло турганын айтып өттү.

"Туулган күндүк маанайлар эң сонун. Кечинде дос балдарым менен 12ге чейин отурдук эле, эң алгач туулган күнүмдү ошолор куттуктады.

Негизи жашың улгайган сайын туулган күн деле тоскуң келбей калат экен. Мен үчүн туулган күн кадимки эле күндөрдөй болуп калды. Мурда бул күндү күтчүмүн, азыр жумуштар менен жүрүп өтүп кетет. Бирок досторум, жакындарым куттуктап келип калышат, ошентип туулган күн белгиленип калат.

Мындан 10 жыл мурда туулган күнүм Ош-Бишкек жолунда өткөн, ошол туулган күн эсимде калыптыр. Бүгүнкү туулган күнүм дагы жолдо өткөнү жатат. Досум Талант 60'К менен Ошко жолго чыкканы жатабыз, анын дагы бүгүн төрөлгөн күнү. Досум экөөбүз туулган күндү жолдо белгилейбиз. Мына ушундай туулган күндөр эсте калат экен да", - дейт ырчы Өктөм Сапар уулу.

Өктөм Сапар уулу 1982-жылы 14-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Ал "Актриса", "Өмүр дайра", "Жолдор башка", "Тазасы барбы", "Шербетим" аталышындагы ырлары менен эл оозуна алынган.

14-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: