super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркиядан келген депутаттарды кабыл алды

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Юсуф Беязыт төрагалык кылган “Кыргызстан – Түркия” парламенттер аралык достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар стратегиялык кызматташуу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Түркияны бир тууган өлкө жана ишенимдүү өнөктөш катары карап, эки өлкөнүн ортосундагы жылуу салттуу байланыштарга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын эске салып, жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн бул документтерди ратификациялоо процедураларын тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Президент ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, тараптарды көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн күч-аракет жумшоого чакырды.

Өз кезегинде "Кыргызстан-Түркия" парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Юсуф Беязыт парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Түркия Кыргызстан менен бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын баса белгиледи. Ал түрк тараптын түрдүү тармактарда, анын ичинде парламенттер аралык форматта эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга жигердүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: