super.kg logo

Опузалоо фактысы менен Жалал-Абаддан дагы бир блогер кармалды (видео) 

 

Опузалоо фактысы боюнча Жалал-Абад шаарында дагы бир блогер кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, 13-февралда УКМК тарабынан Instagram платформасында 200 миң катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу жаран кармалды. Блогер Сузак районунун тургуну И.Т.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт жана видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.

Андан соң шантаж кылып И.Т.дан 184 миң сом акча талап кылган.

Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат. УКМК шектүү жарандан жабыркагандар болсо тийиштүү кызматтарга кайрылууну өтүнөт.






Опузалоо фактысы менен Жалал-Абаддан дагы бир блогер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: