super.kg logo

Судьялар кеңеши эки судьяны жоопко тартууга уруксат берди

 

Судьялар кеңеши кечээ, 13-февралдагы отурумунда эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Соттор кеңеши башкы прокурордун Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы М.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын карап, докладдарды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүгүндө жана 342-беренесинин (Пара алуу) 3-бөлүгүнүн 1,2 пунктарында каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Судьялар кеңеши президентке аны кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизди. Айрым сайттар ал Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Авазов экенин жазышты.

Мындан сырткары башкы прокурордун Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштамасы каралып, аны да жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүгүндө, 346-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 2-бөлүгүндө жана 352-беренесинин (Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоого шектелүүдө. Судьялар кеңеши Араван райондук сотунун судьясын дагы кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө президентке сунуш киргизди.

Жыйынга Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: