Энергетика министринин мурдагы орун басары кармалды (видео)
Энергетика министринин мурдагы орун басары Т.Э. талап кылынган паранын 20 миң долларын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы мурунку кызматкер чет элдик инвестициялык компанияга өлкөдө майнинг фермасын ачуусуна көмөк көрсөткөнү үчүн учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаган. Ал кызматы үчүн компаниядан 220 миң доллар талап кылган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
14.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.