super.kg logo

14-февраль сүйүү күнүнөн башка дагы бир белгилүү дата экенин билчү белеңиз?

 

Бүгүн, 14-февраль – белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү. Бул күнү китеп сүйүүчүлөр бири-бирине китеп белек кылышат. Ал эми бул майрам качан жана кантип белгиленип калган?

Бул күндүн идеясы мектеп китепканачысы, блогер, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү, үч баланын энеси, америкалык Эмми Бродмурга таандык. Тагыраак айтканда, анын кичинекей уулу апасынан «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп берген өзгөчө күн жок?» деп сураган. Мындан улам 2012-жылдын дал ушул күнү апасы уулунун кыялын орундатуу үчүн социалдык тармактагы досторун бул өнөктүккө катышууга чакырык таштаган кайрылуу жарыялаган.

"Азыр адамдар бири-бирине китептерди жөн эле белек кылбастан, алар өздөрүнүн окуяларын, сүрөттөрүн Твиттер, Фейсбук жана Эл аралык китеп берүү күнүнүн веб-сайтына бөлүшөт. Бул долбоор бардык адамды шыктандырат", - деп жазган Эмми Бродмур өзүнүн социалдык баракчасына.

Ошол күндөн тартып китеп сүйүүчүлөр бул күндү китеп белекке берүү күнү деп белгилеп келишет.

Ошондой эле 14-февраль Ыйык Валентин күнү катары дагы белгиленет.

Кош майрамга туура келген бул күндө сиз кайсы майрамды белгилейсиз?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: