Баткенде чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө шектелип 61 жаштагы киши кармалды




Лейлек районунда чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка ылайык, чек арачылар Булак-Башы–Бешкент жолунан Opel Zafira үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, ичинен 200 килограмм мандарин, 150 килограмм жүзүм, 100 килограмм күрүч табышкан. Жүктүн эч кандай уруксат кагаздары болбогону аныкталган.
Унаанын 61 жаштагы айдоочусу жүктү коңшу Тажикстандан алганын жана Раззаков шаарына алып бара жатканын айткан. Учурда мыйзамдын негизинде териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.