Кремль Зеленскийдин билдирүүсүн четке какты
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин орус дронунун Чернобыл АЭСине (ЧАЭС) урулганы тууралуу билдирүүсүн четке какты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
“Чернобыл тууралуу так маалыматым жок. Мен бир нерсени билем: эч кандай өзөктүк инфраструктура объектилерине, өзөктүк энергетика инфраструктурасына кол салуу жөнүндө сөз жок. Ошондуктан бул сөздөр чындыкка дал келбейт”, — деди Дмитрий Песков.
Белгилей кетсек, буга чейин басылмалар Зеленскийдин социалдык тарамактагы билдирүүсүн жазып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.