super.kg logo
  Саясат  

Мектеп окуучуларынын өлүмү: ИИМ дагы бир нече кызматкерин жумуштан кетирди

 

Бүгүн, 14-февралда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында онлайн жыйын болуп өттү. Жыйынга ведомствонун борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле республикадагы аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө соңку кездери мектептердеги чыр-чатактан улам балдардын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Ош облусунун аймактык бөлүмдөрүнүн иши кескин сынга алынды.

Жыйынтыгында кызматтык ишти уюштурууда жетишсиз контролдукту жана кемчиликтерди кетиргендиги үчүн төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду

- Ленин РИИБинин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча башчынын орун басары Нарис Кыдырбаев;

- №2 ШМБнүн башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев;

- жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов;

- Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Тилек Омуралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов;

- аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев.

Мындан тышкары функционалдык милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылгандыгы маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: