Бишкекте эки троллейбус каттамынын ордуна жаңы автобустар чыкты (карта)



Бүгүн, 15-февраль Бишкекте мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар жүрө баштайт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жаңы №7Т жана №14Т муниципалдык автобус каттамдары иштей баштайт, алар ушул эле номердеги троллейбустук каттамдардын ордуна чыкты.
Белгилей кетсек, №7Т автобустук каттам Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт. Линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 17 автобус болот.
№14Т автобусу Жогорку Жалдан Киркомстромго чейин каттайт. Линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 13 автобус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.