Ошто Ооган согушунда каза болгондор эскерилди





Бүгүн, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 36 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышышты. Иш-чара эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.
Белгилей кетсек, Ооган согушуна Кыргызстандан 7141 жоокер жөнөтүлүп, алардын ичинен 252си курман болуп, 1500 киши ар кандай жаракат алган. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 1016 интернационалист жоокер жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.