Алтайдагы жер титирөөдөн үч аймакта таза суу берүү үзгүлтүккө учурады
Алтайда кечээ, 15-февралда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, республиканын башчысы Андрей Турчактын айтымында, Кош-Агач районунун үч айылында таза суу үзгүлтүккө учурагандыктан, жеткирүү уюштурулган. Ошондой эле аймакта жогорку даярдык режими киргизилди.
Белгиленгендей, жер титирөөнүн очогу Белтир айылынан 1,3 чакырым алыстыкта болгон. Жабыркагандар болгон жок.
Мындан тышкары жеринде атайын комиссия турак жайларды текшерип, иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.