super.kg logo

Орусияда мигранттарга батирин ижарага бергендер каттоого тургузбаса айыпка жыгылат

 

Орусияда батирди ижарага алган чет элдиктерди жашаган жери боюнча каттоодон баш тарткан турак жай ээлерине 4 миң рублга чейин айып салынат. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

“Чет элдик жаранды каттоо батирдин ээсинин жоопкерчилигинде. Эгерде менчик ээси турак жайды ижарага берип, бирок жашаган жери боюнча каттоодон баш тартса, бул административдик укук бузуу болуп саналат жана ээсине 4 миң рублга чейин айып пул салууга алып келет”, — деп билдирген Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынан.

Бөлүм турак-жай ээси каалаган убакта чет элдик жаранды каттоодон чыгара алаарын тастыктап, мигрантты каттоо үй ээсинен кошумча чыгымдарды талап кылбай турганын жана Мамлекеттик кызматтар аркылуу ишке ашырылса болорун эскертти.

Айта кетсек, 2024-жылы сот аткаруучулар өлкөдө мыйзамсыз жүргөн рекорддук сандагы - дээрлик 90 миң чет элдикти Орусиядан чыгарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: