super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт

 
25-27-февраль күндөрү Бишкек шаарындагы "Газпром балдарга ден-соолукту чыңдоо борборунда" армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемипондугу өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциялары тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Саб-юниорлор арасында (2010-жылы туулгандар):
- Кыздар: 40, 45, 50, 55, 60, 70, +70 килограмм;
- Балдар: 45, 50, 55, 60, 65, 70, +70 килограмм.
Жаштар арасында (2007-2009- жылы туулгандар):
- Кыздар: 45, 50, 55, 60, 65, +65 килограмм;
- Балдар: 55, 60, 65, 70, 75, +75 килограмм.
Жаштар арасында (2002-2006-жылы туулгандар):
Кыздар: 50, 55, 60, 65, 70, +70 килограмм;
Балдар: 55, 60, 65, 70, 75, 80, 85, +85 килограмм.
Чоңдор арасында:
- Кыз-келиндер арасында: 60, 65, 70, 80, +80 килограмм;
- Эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 100, +100 килограмм;
- Ардагерлер жана гранд мастерлер арасында: 80, 90, 100, +100 килограмм;
Сурдо спортчулар арасында:
- Кыз-келиндер: 60, 70, +70 килограмм;
- Эркектер: 60, 70, 80, +80 килограмм.
Көзү азиздер арасында:
-Кыз-келиндер: 55, +55 килограмм;
- Эркектер: 60, 80, +80 килограмм;
- Жаштар арасында (2010-2011- жылы туулгандар): 55, 65, +65 килограмм;
Коляскада отургандар арасында:
- Кыз-келиндер: 65, +65 килограмм;
- Эркектер: 55, 65, 75, +75 килограмм;
Балдак таяк таянгандар арасында:
- Кыз-келиндер: 65, +65 килограмм;
- Эркектер: 60, 70, 80, +80 килограмм.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: