Милиция: Бишкекте автобустун айдоочусу бир нече жаранды жумуш учурунда ур-токмокко алган
Бишкек шаарында автобустун айдоочусу бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Октябрь РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 16-февралда А.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда коомдук транспорттун айдоочусу 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде денесине эч себепсиз залал келтиргенин белгилеген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында 1984-жылы туулган О.Б. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Милиция автобустун айдоочусу ушул сыяктуу бир нече кылмыштарга баргандыгын айтып, жабыр тарткандарды 0(779) 20-99-45 же 102 номурларына кайрылууга чакырды.
Бишкекте автобустун айдоочусу бир нече жаранды жумуш учурунда ур-токмокко алган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.