super.kg logo
  Саясат  

Ветеринардык кызматтын директору малды экспорттоо жанданарын билдирди

 

Учурда малды экспортко чыгаруу убактылуу токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба малдарын тирүүлөй экспорттоо боюнча нормативдик базаларга оңдоп-түзөөлөр киргизилип жатат. Кожобергенов аталган иштер аяктап калганын, жакынкы күндөрү малды тышка чыгаруу жанданарын кошумчалап, былтыркы статистика боюнча маалымат берди.

"Былтыр өлкөгө 43 миң 920 баш бодо мал импорттолгон. Ошондой эле 11 миң 185 баш жылкы жана аз санда асыл тукум кой-эчки кирген. Ал эми 185 миң ийри мүйүздүү мал, 153 миң 700 баш кой-эчки жана 11 миң 600 баш жылкы экспортко чыккан", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: