Алайдын тургуну УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды (фото)






УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, М.С. аттуу Алай районунун тургуну козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган.
"Жогорудагы жаран аталган акча каражатын мыйзам бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.