super.kg logo

"Директор же мугалим күнөөлүү эмес". Депутат мектептеги окуялар боюнча ата-энелерге кайрылды 

 

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы акыркы күндөрү мектептерде болуп жаткан окуяларга токтолуп, мугалимдерди жана мектеп директорлорун иштен алып салуу туура эмес экенин айтып өттү.

Анын айтымында, окуучунун тарбиясына ата-энелер көбүрөөк жоопкерчилик алуу керек.

"Мектептерде болуп жаткан окуяларга бир гана мектеп директору же мугалим күнөөлүү эмес. Мен ата-энелерге кайрылмакмын, ар бирибиз өзүбүздүн үй-бүлөдөн баштасак. Мектеп эң биринчи балдарга билим берет, андан кийин тарбия. Ушул нерсени түшүнсөк. Ал эми тарбиянын башаты үй-бүлө. Урматтуу ата-энелер, балдардын тарбиясы мугалим же директордун моюнунда эмес, ага ата-энелер жооптуу", - деди депутат.

Ал эми билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бул тарапта депутатты колдой турганын, бирок директорлордун иштен алынышынын себеби бар экенин билдирди.

"Директорлор конкреттүү шалаакылыктын айынан кетти. Биз деле мугалимди иштен алып салууга каршыбыз, мугалим жалгыз чече албайт. Ал жерде директор окуяны жашырып койгон үчүн кетти", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: