super.kg logo

"Этин силер жеп, сөөгү мэрияга калат экен". Жеңишбек Токторбаев Оштогу университеттерди сынга алды (видео)

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы университет жетекчилери менен жолугуп, аларды унаа токтотуучу жай курбаганы үчүн сынга алды.

Анда шаар мэри университеттер өздөрүнүн аймагын тосуп алып, ал жакта иштеген мугалимдер, студенттер унааларын көчөгө коюп жатканын белгиледи.

"Сиздер бүт баарын тосуп алыпсыздар, бул унаалар каякка барат? Этин силер жейсиңер, сөөгү мэрияга калат экен", - деди Жеңишбек Токторбаев.

Жеңишбек Токторбаев бул маселени керек болсо президенттин алдында көтөрөрүн айтты.

"Силердин өзүңөрдүн аймагыңар татынакай болсо болду экен, шаар менен ишиңер жок экен да", - деди Ош шаарынын мэри.






Жеңишбек Токторбаев Оштогу университеттерди сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: