Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу жакында башталат
Өлкөдө адабият жана искусство жаатында Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысына көрсөтүүгө эмгектер 3-марттан 31-мартка чейин кабыл алынат. Бул жөнүндө президенттин администрациясы бүгүн, 17-февралда маалымдады.
Ага 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин жарыяланган көркөм сүрөт, музыка, театр, кино, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы эмгектер кабыл алынат.
Мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
- чыгармалардын жыйнактары;
- тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы
тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагытыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар; - изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
- концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.
Аталган сыйлыкка талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана өлкөдөгү тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл.
Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерге 55-77-64 байланышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

