super.kg logo

Москвада чеченстандык жаран кыргызстандык таксистке ок чыгарды (видео)

 

Москва шаарында чеченстандык жаран такси айдоочусу болгон кыргызстандык жаранга тапанчадан ок чыгарып, качып кеткен. Бул тууралуу Readovka Телеграм каналы жазды.

Окуя видеорегистраторго түшүп калган. Анда такси айдоочусу кетип бара жатканда жанына Geely унаасы жакындап, айдоочусу таксистке аны жөөлөп кеткенин айткан.

Такси айдоочусу аны сабырдуулукка чакырып, "тынч бол, мени ук, кыйналып каласың кийин" деп эскерткен.

Бул сөздү уккан Geely унаасынын айдоочусу травматикалык тапанчасын алып чыгып, таксистке карата бир нече жолу аткан.

Орусиянын Ички иштер министрлиги ок аткан 39 жаштагы жаранды кармап, андан уруксат кагазы бар травматикалык тапанча алынган.

"Жабыркаган 1998-жылы туулган жаран тез жардам кызматы менен медициналык мекемеге жеткирилди", - деп тактады Орусия ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы.






Москвада чеченстандык жаран кыргызстандык таксистке ок чыгарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: