Бишкектеги айрым объекттерде суу өчөт (схема)
Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 20-февраль күнү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Тыналиев көчөсү Миңжылкыев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.