super.kg logo

УКМК Таласта сот аткаруучу, ишкер жана Салык кызматынын башчысы кармалганын билдирди

 

Талас облусунун Боо-Терек айылында балык чарбанын жалпы аянты 16,5 гектар жер тилкеси арзан баада мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-февралда "Талас балык чарба" мамлекеттик ишканасына тийиштү Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 гектар көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталган.

Аукционду уюштуруу жана көлмөнү сатуу иштерине шектүү катары төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты:

  • 1974-жылы туулган Ш.А. (Бакай-Ата райондук Сот департаментинин сот аткаруучусу);
  • 1962-жылы туулган Ж.Б. Бакай-Ата райондук Салык кызматынын башчысы);
  • 1969-жылы туулган Ч.М. (көлмөнү мыйзамсыз сатып алган жеке ишкер).

Жогорудагы адамдар Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына 1 айга камакка алынышты. Алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 миң 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: