super.kg logo
  Саясат  

Мектептердеги бардык байкоочу камералар ИИМдин тутумуна киргизилет 

 

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев өлкө аймагындагы бардык мектептердеги байкоочу камералар ИИМдин бирдиктүү тутумуна кошула турганын билдирди.

"Учурда Кыргызстандагы бардык мектептердин байкоочу камераларын өздүк системага киргизип жатабыз. Аларды эми биздин кызматкерлер күнү-түнү карап, көзөмөлгө алып турушат", - деди Абдиев.

Ошондой эле ал окуучулар арасындагы мушташка байланыштуу, 30дан ашык жетекчи кызматтан бошотулуп, 40тай жетекчиге тартиптик жаза берилгенин айтты.

"Биздин 30дан ашык кызматкер кызматтан бошотулуп, 40тан ашык жетекчи тартиптик жазаларды алды. Биздин кызматкерлердин дагы шалаакылыктары бар. Депутаттар сиздерге да кошулам, ата-энелер дагы милдеттерин туура аткарганда, мындай көрүнүштөр болбойт эле. Учурда биз анализдерди жүргүзүп, тийиштүү министрлик менен чара көрүүнү караштырып жатабыз", - деди Абдиев.

Аталган жыйында депутат Аида Исатбек кызы акыркы күндөрдөгү балдар арасындагы зордук-зомбулуктун айынан мугалимдерди жана мектеп директорлорун иштен алып салуу туура эмес экенин айтып, баланын тарбиясына ата-эне көбүрөөк көңүл буруусу керектигине токтолгон.

Ошондой эле мындай пикирди депутат Айгул Айдарова дагы айтып, ата-эненин дагы жоопкерчилигин күчөтүү керектигин жана жоопкерчиликти бир гана мугалимдерге артып коюу туура эмес экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: