super.kg logo

"Сотко бергиле!" Оштун мэри Ак-Бууранын жээгиндеги курулуштарды буздурарын айтты

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 17-февралда өткөргөн көчмө жыйында Ак-Буура дарыясынын жээгине сейил бак салынарын айтты.

Калаа башчысы суу коругуна курулуп кеткен турак үйлөрдү, тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, соода түйүндөрдү мыйзам чегинде карап чыгып, алып салуу жана ал жерлерге эс алуучу жай, скверлерди куруу маселесин көтөрдү.

"Сотко бергиле! Бул жакты тазаласак, сейил бак салабыз.12 турак үй, 3 кафе, 2 ресторан, анан унаа жуучу жайлар бар экен. Алар ээлеп турган жердин баарын мамлекеттин балансына алганга аракет кылабыз. Себеби, бул жер жашыл аймак болуш керек", - деди ал кол алдындагы кызматкерлерге.

Ош мэриясы тиешелүү кызматтар мыйзам чегинде жерлерди кайтарып алуу, дарыянын суу корук зонасын баштапкы калыбына келтирүү боюнча иш алып барарын кошумчалады.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: