super.kg logo
  Саясат  

Токторбаев Оштогу Мелис Мырзакматов менчиктештирип алган жерди мамлекетке кайтарарын айтты

 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 17-февралда өткөргөн көчмө жыйында шаардын экс-мэри Мелис Мырзакматов Ак-Буура дарыясы жактан 2,5 гектар жерди менчиктештирип алганы маалым болду.

Көчмө жыйында Токторбаев кол алдындагылардан, "Мелис Мырзакматовдун скважинасы шаарга өттүбү?" деп сурады. Ага скважина шаардын балансына өткөнүн, учурда жер тилкеси боюнча сот болуп жатканын айтышты.

"Бул жер башка фамилияга катталыптыр, бирок Мырзакматовго караштуу. 2,5 гектар жер экен. Мелис Жоошбаевич эл үчүн деп өзү эле өткөрүп берсе керек деп ойлойм. Ага калганы эле жетет. "Таатан" эле жетет, мен билем", - деди Токторбаев.

Ага журналисттер "бирок соттошуп атпайбы" дегенде, "биз дагы жөн калбайбыз, мэриянын балансына алабыз, буюрса" деди.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2009-жылдын январынан 2013-жылдын декабрь айына чейин Ош шаарын башкарган.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: